ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты футболчусуна тапшырылуучу “Алтын топ” байгесине талапкер 23 футболчунун тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул тизмеге мюнхендик “Бавария” менен мадриддик “Реалдын” оюнчулары эң көп санда кирген. “Бавариянын” курамынан тизмеге Марио Гётце, Филипп Лам, Томас Мюллер, Мануэль Нойер, Бастиан Швайнштайгер (баары Германия курамасынын өкүлдөрү), Арьен Роббен (Голландия) кирген. Ал эми “Реалдын” курамынан бул тизмеде Гарет Бейл (Уэльс), Карим Бензема (Франция), Криштиану Роналду (Португалия), Тони Кроос (Германия), Серхио Рамос (Испания) жана Хамес Родригес (Колумбия) сыяктуу футболчулардын ысымдары орун алган. Андан тышкары “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” наамын алууга талапкерлердин катарында Диего Коста (Испания), Тибо Куртуа, Эден Азар (Бельгия), Анхель ди Мария (Аргентина), Златан Ибрагимович (Швеция), Яя Туре (Кот-д`Ивуар), Поль Погба (Франция), Андрес Иньеста (Испания), Хавьер Маскерано, Лионель Месси (Аргентина) жана Неймар (Бразилия) бар. Талапкерлердин катарына аргентиналык Серхио Агуэро, англиялык Уэйн Руни жана уругвайлык Луис Суарес кирбей калды.
Кошумчалай кетсек, бул наамга негизги 3 талапкердин ысымы 2-декабрда белгилүү болот. Ал эми “Алтын топ” ээси 2015-жылдын 12-январында аныкталып, сыйлыгын алат.