ФИФАнын версиясы боюнча "Жылдын мыкты машыктыруучусу" наамына талапкер 10 машыктыруучунун ысымы белгилүү болду

Бүгүн, 28-октябрда ФИФАнын версиясы боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу наамына талапкер 10 машыктыруучунун ысымы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, тизмеге жыл ичинде клубдук деңгээлде жана курама командалар менен ийгиликке жетишкен машыктыруучулар кирген. Сыйлык үчүн негизги күрөш мадриддик "Реалга" УЕФАнын Чемпиондор Лигасын 10-ирет утуп берген Карло Анчелотти менен Германияны Дүйнө чемпиону кылган Йоахим Лёвдун ортосунда болору күтүлүүдө. 

Тизме: 

Карло Анчелотти (“Реал” футболдук клубу)

Хосеп Гвардиола (“Бавария”)

Юрген Клинсманн (АКШ курамасы) 

Йоахим Лёв (Германия курамасы)

Жозе Моуринью (“Челси”)

Мануэль Пеллегрини (“Манчестер Сити”)

Диего Симеоне (“Атлетико”)

Алехандро Сабелья (Аргентина курамасы)

Антонио Конте (Италия курамасы)

Луи ван Гал (Голландия курамасы, “Манчестер Юнайтед”) 

2013-жылы бул наамды мюнхендик “Бавария” менен Чемпиондор Лигасын уткан Юпп Хайнкес алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursss_Real_Madrid
2014-10-28 14:13:11
Йоахим Лев алат окшойт
0
goodman02
2014-10-28 14:48:14
Алехандро Сабелья алсынчы)
0
Danel
2014-10-28 15:37:42
Карло Анчелотти,Йоахим Лев,Диоге Симеоне
Учоон бири алат,менимче Йоахимго!
0
mr.bektur
2014-10-28 16:43:50
an4oletti alywyn kaalayt elem
0
universal
2014-10-28 22:44:10
Луи ван Гал
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан