Машыктыруучулар жетекчиликтин шалаакылыгынан улам таэквондо региондордо өнүкпөй жатканын айтышты

Бүгүн, 28-октябрда болуп өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө машыктыруучулар Таэквондо ассоциациясынын жетекчилигинин шалаакылыгынан улам бул спорт региондордо өнүкпөй жатканын айтышты. Ош шаары жана Ош облусу боюнча жооптуу башкы машыктыруучу Келдибек Жаныбаев төмөнкүлөргө токтолду: “Бул спорт түрү Бишкек шаарында гана өнүгүп жатат. Ассоциациянын жетекчилиги буга чейин “Жалал-Абад шаарында клуб ачканбыз, жаш балдар тентек чыккандыгы үчүн Ош шаарындагы залды жапканбыз” деп жалган маалымат таратышкан. Биз алардан 1 сом дагы жардам ала албай келгенбиз. Айла кеткенде ата-энелерди чогултуп, коомдук бирикме түздүк да, машыгууларды улантуудабыз”. 
Ал эми Ош шаарынан келген Елена Лукянцева жаш балдар үмүт менен машыгып жатышканын айтты: "Мындай саясат жүргүзүлө берсе, жаш балдар эч кандай жетишкендиктерге жетишпесин аңдачу куракта эмес. Бирок аларды көрүп бооруң ооруйт. Мелдештерге биздин клубдун өкүлдөрүн катыштырышпайт. Мына, жакында менин уулум Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды, бирок барган жок. Себеби ассоциациянын жетекчилиги өзүлөрүнө тиешелүү балдарды гана мелдештерге алып барып жатышат. Биздей карапайым элдин балдары чет жерлерге жолдомо алса да, аларды өз каражаттары менен барууга мажбурлап коюшат. Башкаларды колдоп, акчасын төлөп беришет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin1
2014-10-28 14:37:28
Башка нерселерди онуктурсонор боло,ансыз деле мушташып,тишкендер толтура.
0
Kars
2014-10-28 23:37:31
Олимпиядага чиновниктердин балдары баргандай эледа женилсенда акча берет экендеп женилип келеберешит
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан