Өзбекстанда быйыл пахтада иштөө маалында 20га жакын жарандын каза тапканы айтылууда

Чет элдик маалымат булактары маалымдагандай, Өзбекстанда быйыл пахтада иштөө маалында 19 жаран каза тапкан. Алардын айрымдары өз жандарын кыйса, айрымдары техника менен иштөөдөгү этиятсыздыктан жан беришкен. Ошондой эле жүрөк оорусунан пахта талаасында каза болгондор да бар. Учурда айрым студенттердин ата-энелери сотторго кайрылып, укук коргоо органдарынан өлүмдөрдүн себептерин тыкыр иликтеп чыгууну суранышууда.

Кошумчалай кетсек, Өзбекстандын өкмөтү пахта терүү маалында студенттерди, мамлекеттик кызматкерлерди жумушка тартат. Быйылкы жылдагы пахта терүү сезонунда мынча сандагы өлүмдүн катталганы талкуу жаратууда. Буга чейин коңшу өлкөлөр өкмөттүн пахта талаасына жаш балдарды жумушка тартпасын убада кылып, бирок жашыруун түрдө 18 жашка чейинки балдарды иштетип жатканын сынга алып келишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elgiz0890
2014-10-29 17:59:55
биздеги озбектер суйунсо болот жакшы тынч жашап жатам деп
+5
Manasemetei
2014-10-30 04:33:20
bizdin ozuno bekter.bizden ailanyp ketsin.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан