Орусия футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эмблемасын расмий түрдө тааныштырды

Кечээ, 28-октябрда 2018-жылы Орусияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун уюштуруу комитети мелдештин эмблемасы менен тааныштырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, эфирден көрсөтүлгөн тааныштыруу иш-чарасынын жүрүшүндө эмблеманы космоско чыгып да көрсөтүштү. Бул саамалыкка ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер, башкы катчы Жером Вальке, Орусиянын спорт министри Виталий Мутко жана экс-футболчу Фабио Канноваро катышты. 

"Эмблеманын үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан шар дүйнө эли футболду сүйөрүн айтып турат" деп кошумчалашты уюштуруучулар.  

Айта кетсек, тандап алуу турларына чүчү кулак 2015-жылдын 25-июлунда ташталат. Биринчилик болсо 2018-жылы Орусиянын 11 шаарында өтмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан