Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) президенти Мишель Платини “Футбол тууралуу баарлашабыз” деп аталган автордук китебинде футболдогу бир топ эрежелерге жана чектөөлөргө өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Алардын катарында эл аралык деңгээлдеги оюндарды тейлеген калыстардын жашына болгон чектөөлөрдү алып салуу сунушу да бар. Учурда ири мелдештерди тейлөө укугунан 15 жаштан 45 жашка чейинки курактагы жарандар гана пайдаланып келишүүдө. Анын айтымында, футболдо калыстын паспортундагы көрсөтүлгөн жашы эмес, физикалык даярдыгы алдынкы планга чыгышы керек. Учурда ФИФА ушул сунушту карап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Кошумчалай кетсек, ФИФА 45 жаш курагынан ашкан калыстардын Дүйнө чемпиондугун тейлөөсүнө чек койгон. Ушул чектен улам 44 жаштагы кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров да 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия биринчилигинен соң карьерасын жыйынтыктоону пландоодо. Балким, ФИФА жаңы эреже иштеп чыкса, Бахадыр Кочкаровдун калыс катары ишин улантуу мүмкүнчүлүгү дагы да узарышы мүмкүн.