Бычактан жараат алган ишкер Райкан Алкановдун абалы туруктуу

Бычактан жараат алган ишкер Райкан Алкановдун абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, ишкер Талас облустук ооруканасында. Ал жакта ага операция жасалган. Учурда жабырлануучунун абалы мурдагыга салыштырмалуу туруктуу.   

Айта кетсек, буга чейин белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалып, дагы эки айым изделүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан