Кечээ, 29-октябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги – ТОП-Лиганын алкагында “Манас” менен “Алдиер” кез келип, 2:2 эсебинде тең ойношту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 19 оюнда болгону 9 гол киргизип, өз дарбазасына 70 гол өткөргөн “Манаc” бул тең чыгуу менен сезондогу экинчи упайын алды. Ал эми “Алдиер” бул беттеште жеңсе, 5-орунду камсыздамак. Тилекке каршы, 5-орундун тагдыры акыркы турда чечилмей болду.