2014-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки аралыкта Мексикада жаңы төрөлгөн 80 балага бразилиялык футболчу Неймардын ысымы ыйгарылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Мексикада дүйнөгө белгилүү футболчулардын ысымын жаңы төрөлгөн ымыркайга ыйгаруу кадимки көрүнүш. Бул өлкөдө Неймардан тышкары португалиялык Криштиану Роналдунун ысымы ыйгарылган 17 бала катталган. Ошондой эле 3 балага Златан ысымы (швециялык футболчу Златан Ибрагимович атынан коюлган) берилгени маалым болду.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы аргентиналык жаш жубайлар тун перзентине Месси деген ысымды ыйгарууну туура көрүшкөн. Бирок Аргентинада кайсы бир фамилияны ысым катары колдонууга тыюу салынгандыктан, жубайлар расмий кат менен тиешелүү органдарга кайрылууга мажбур болушкан. Жыйынтыгында алар максаттарына жетип, дүйнөнүн мыкты футболчусу катары 4 ирет “Алтын топ” байгесин алган Лионель Мессинин фамилиясын жаңы төрөлгөн ымыркайга ыйгарышкан.