Ош шаарындагы Араван-Ак-Буура каналынан баштыкка салынган кызыл түстөгү белгисиз порошок табылды

Ош шаарындагы Араван-Ак-Буура каналынан баштыкка салынган кызыл түстөгү белгисиз порошокту алып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалым болгондой, 29-октябрь күнү саат 15:35 чамасында шаардын Набережная көчөсү менен Мушкетова көчөсүнүн кесилишкен жеринде, Араван-Ак-Буура каналында кызыл түстөгү суюктук агып жатканын айтып, ошол жердин жашоочулары кайрылышкан.

Аталган дарекке ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Кубаныч Жумабаев бирге келип, окуяны жеринде иликтешкен. Ошондой эле Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары куткаруучу шаймандардын жардамында сууга түшүп, болжол менен 10 килограммдык баштыктагы кызыл түстөгү порошокту алып чыгышкан. Аны Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Көкүлов аркылуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адиси Кубаныч Жумабаевге беришкен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Survey
2014-10-30 10:52:31
жыйынтыгын да жазып койунуздар.кызык кандайдыр бир оору таратуучу порошок болуп журбосун кудай сактасын элим аман болсун.кыргызстан чет элдик агенттерге толтура ошолор бирдеме кылып журбосун..
+3
nasi81
2014-10-30 11:03:15
Эми жакшыраак изилдеп такташсын. Ага да кайдыгер карап койбой.
0
tolkun85
2014-10-30 11:32:49
вааай кайсы жетим таштады болду екен
+3
shutUP
2014-10-30 11:33:36
марганцовка эмеспи?
0
baiysh0704
2014-10-30 12:24:56
Бул кызылча салат го,жеп корсонор билинет эле ачып ачыбаганы.
+3
Ganibal87
2014-10-30 15:12:41
Окунуштуу биз достор менен ошол каналда чомулуп чонойгонбуз емне болгон порошок екенин да жазып койгула урматтуу с инфо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан