Өткөн сутка ичинде Москва районунда жана Балыкчы шаарында көмүрдүн өзүнөн өзү күйүп кеткен эки учуру катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Балыкчы шаарындагы “Компаньон” чакан насыя берүүчү жайдын көмүрканасынан 5 тонна көмүр күйүп кеткен. Ал эми Петровка айылындагы Чернихов атындагы орто мектебинин көмүрканасынан 65 тонна көмүр өзүнөн өзү түтөп баштаган. Ага айыл өкмөттөн жардамга 10 адам чыгып, аны өчүрүштү. Эки учурда тең өрттүн себеби өзүнөн өзү күйүү болгон.