Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 30-октябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.