Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысына шектелип, издөөдө жүргөн 2 айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда маалымат жыйынында Райкан Алкановдун адвокаты Юрий Скатневский билдирди.
Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр ишкердин материалдык абалын билишкен жана атайылап ушул ишке барышкан. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары кармалып, тергөө амалдары жүрүүдө. Кылмышка шектелип кармалгандардын бири жабырлануучунун үйүндө бала багуучу болуп иштеген айымдын тууганы болуп чыкты.
Айта кетсек, буга чейин Кыргызстандагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго Таласта кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалган эле. Ошондой эле бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз кармалып, дагы эки айым шектелип, издөөдө жүргөнү айтылган эле.