"Спортчулар Азия оюндарына чейин 2 ай стипендия албай калышкан" деген маалымат чындыкка жатпайт"

"Спортчулар Азия оюндарына чейин 2 ай стипендия албай калышкан" деген маалымат чындыкка жатпайт” деп билдирди бүгүн, 30-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев.

Анын айтымында, кыргыз спортунда спортчулар стипендияларын убагында албай калган мисалдар көп эле катталат. Бирок бул спорттун эле эмес, жалпы мамлекеттин көйгөйү. “Биз Каржы министрлигинен каражат бөлүнгөндө дароо спортчуларга акчаны которуп беребиз. Акча ашып кетсе 1 ай кечигип берилген мисалдар болушу мүмкүн. Бирок “Азия оюндарынын алдында спортчулар 2 ай стипендиясын албай калышыптыр” деген маалымат чындыкка дал келбейт”,- деп кошумчалады К.Арпачиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан