2014-жылдын 9 ай аралыгында кылмыштуулуктун саны былтыркы жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 7,2 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Бишкек шаардык прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч аталган мекемедеги коллегиянын жыйынында белгилүү болгон. 9 ай аралыгында өлкө аймагында 7469 кылмыш иши катталган. Ал эми былтыр 2013-жылы ушул эле убакыт аралыгында 8050 кылмыш иши катталган.