Москва районунда адам өлтүрүү фактысына шектелип эки бир тууган кармалды

Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 23-октябрь күнү саат 15:30 чамасында Чоң Чүй каналынан жашы 40-45 чамасындагы аялдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун колу байланып сууга ыргытылганы аныкталган.

Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 50 жаштагы Айгүл жана 58 жаштагы Муратбек кармалган. Алар бир туугандар болушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан