Сокулук районунда унаа уурдоо фактысына шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 54 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 24-октябрь күнү үйүнүн жанында токтоп турган унаасын белгисиз адам уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы эки жаран кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.