Жакында Орусия тааныштырган футбол боюнча 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун эмблемасы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда. Эмблеманын түзүүчүлөрү "Эмблеманын үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан шар дүйнө эли футболду сүйөрүн айтып турат. Бул жолку Дүйнө чемпиондугу жогорку маданият менен айырмалансын деген ниет менен тааныштырууда Чоң театрдын бооруна лазердик шоу уюштурдук" дешкен. Бул түшүндүрмө жетишсиз болгонбу же эмблеманы көргөндөрдүн куудулдук өнөрү дароо ойгонгонбу, айтор, социалдык тармактын колдонуучулары өздөрү каалаган сүрөттөрүн тартып, кошумчалап, логотипти түрдүү нерселерге окшоштуруп көрүштү. Алардын тамашалуу чыгармачылыктары канчалык деңгээлде ишке ашканын сүрөттөрдөн көрүп алсак болот.