Бишкек шаарындагы өрт кырсыгынан 1 адам каза тапты

Бишкек шаарындагы өрт кырсыгынан 1 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн түнү шаардагы М.Горький көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн жанындагы сарайдын чатыры, буюмдар күйгөн. Ошондой эле өрт чыккан жерде аты-жөнү, жынысы белгисиз адамдын күйгөн сөөгү табылган. Тилсиз жоонун келип чыгышына отко карата этиятсыздык себеп болгон.

Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарындагы шахталардын биринде өрт чыкты. Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 30-октябрь күнү саат 09:58 чамасында “Беш-Бурхан шахтасы” ишканасына таандык шахтада катталган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары барышып, өрттү өчүрүшүп, тосмо орнотуп беришкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан