2014-жылдын 24-октябрында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Пүлгөн айылынын тургуну Руслан Көчкөновдун жансыз денеси ошол эле райондун Жаңы-Жер айылына кетүүчү каналдан табылган. Маалым болгондой, 1987-жылы туулган жаран 20-октябрь күнү дайынсыз жоголуп, издөө салынган.
Баткен облусунун Кадамжай РИИБинен маалымдашкандай, анын өлүмүнүн себеби белгисиз жана кылмышка шектүү адам кармала элек. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.