Футбол боюнча өлкө чемпиондугунда “Дордой” 1-ноябрда “Алайды” утса, мөөнөтүнөн мурда чемпион болот

Эртең, 1-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын 19-тур оюндарынын алкагында эки беттеш болот. Анда лидерлик сапта келаткан “Дордой” командасы Ош шаарында “Алай” менен беттешет. Ал эми чемпиондукту камсыздоого али мүмкүнчүлүгү бар канттык “Абдыш-Ата” Бишкекте “Алга” клубуна каршы турат. Эгерде “Дордой” конокто “Алайды” утуп алса, сезондогу упайларынын санын 48ге жеткирип, мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздайт. Ошондой эле “Алга” менен “Алайдын” 3-орун үчүн күрөшү бул аптада уланат.

Беттештер тууралуу:

“Алай” (Ош) – “Дордой”

Саат: 15:00

Стадион: Ош шаары, А.Сүйүнбаев стадиону

 

“Алга”“Абдыш-Ата”

Саат: 15:00  

Стадион: Бишкек шаары, Футбол борбору 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан