Бишкекте Тынчтык кең көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде 80 жаштагы үй ээсинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, кечээ түнкү саат 12лер чамасында каза болгон пенсионердин кошунасы милицияга телефон чалган. Ал кошунасынын үйүндө түшүнүксүз үндөр чыгып, бирөө жүргөнүн айткан. Аталган дарекке келген милиция кызматкерлери үйдүн ичинен 1934-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин табышкан. Айрым маалыматтар боюнча, ал зордукталып, анан өлтүрүлгөнү айтылууда, бирок азырынча ал маалымат тастыктала элек.
“Учурда маркумдун сөөгү соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп, шектүү адам изделүүдө” деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.