Аламүдүн районунда унаа уурдоо фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине 42 жаштагы Аламүдүн районунун А.Жыргалбек аттуу жараны кайрылган. Анда ал 26-октябрь күнү саат 23:00 чамасында Луговое айылындагы “Алмаз” кафесинин жанынан белгисиз адам Субару Форестер үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Көп өтпөй ал унаа менен тосмону сүзүп, унааны окуя болгон жерге таштап, изин суутуп кеткен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Аламүдүн районунун ИИБи тарабынан 172-берене (мыйзамсыз түрдө унаа каражатына ээ болуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Гроздь айылынын 20 жаштагы Н.Данил аттуу тургуну кармалган. Сурак учурунда ал өз күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары уланууда.