Бүгүн, 31-октябрда футбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкө чемпиондугунун жыйынтыктоочу туру аяктады. Анда КРнын Футбол федерациясынын алдындагы Футбол борборунун командасы жеңишке жетишти. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин жүрүшүндө 4 команда өз ара ойноп финалчыларды аныкташкан. Өткөрүлгөн оюндардын жыйынтыгында финалга Футбол борборунун командасы менен канттык “Абдыш-Ата” командасы чыккан. Финалда 1:0 эсеби катталып, бишкектик команда жеңишке жетишти. Өткөн жылы чемпиондукту жеңип алган “Абдыш-Ата” күмүш медаль тагынууга мажбур болсо, 3-орунду Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын командасы ээледи. Таластын командасы байгелүү орунга илинбей калды.