Москвадагы “Мигрант-2014” операциясынын алкагында 15 кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 15 кыргызстандык жаранга жасалма документ жана мыйзамсыз миграция боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле рейддин негизинде бир канча кыргыз жараны кармалган. Алардын айрымдарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө, айрымдарына административдик чара колдонулган. Учурда Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери тарабынан да мигранттар арасында укуктук түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, рейддин алкагында 27 миң чет өлкөлүк жаран полиция бөлүмдөрүнө алынып келинип, өздүгү текшерилди. 7 миң мигрант административдик жоопкерчиликке тартылып, 126 адамды Орусиянын аймагынан мажбурлоо жолу менен чыгаруу чечими кабыл алынган. Айта кетсек, 23-октябрда башталган “Мигрант-2014” операциясы 3-ноябрда жыйынтыкталмакчы.