Бүгүн, 31-октябрда бокс боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. 3 күнгө созулган мелдеш 10 килограмм салмактык бөлүктө 110 мушкердин катышуусунда өткөрүлдү. Бул жолку өлкө биринчилигине курама команданын лидерлери
Турат Осмонов,
Азат Усеналиев,
Өмүрбек Малабеков жана
Эрмек Сакенов сыяктуу мушкерлер катышкан жок. Аларга Азия оюндарынан кийин эс алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Азия оюндарына катышып келген 8 мушкердин ичинен бул мелдешке
Сулайманбек уулу Акжол,
Болотбек уулу Эркин,
Каныбек уулу Азамат жана
Сергей Паренко гана катышты. Кызыгы, алардын салмактарындагы атаандаштык курч болуп, төрт мушкердин ичинен Болотбек уулу Эркин гана жеңишке жетишти. 10 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлеринин тизмеси:
49 килограмм.
1-орун. Рахманкул Аватов (Чүй облусу)
2-орун. Мирлан Түркбай уулу (Бишкек)
3-орун. Ислам Сергек уулу (Чүй облусу), Кыялбек Назаралиев (Жалал-Абад облусу)
52 килограмм.
1-орун. Жаныбек Мусаев (Бишкек)
2-орун. Канатбек Абдувахоб уулу (Бишкек)
3-орун. Дыйкан Жаныбек уулу (Нарын облусу), Муптохиддин Азимов (Жалал-Абад облусу)
56 килограмм.
1-орун. Бек Камчыбеков (Жалал-Абад облусу)
2-орун. Сирожиддин Абдуллаев (Жалал-Абад облусу)
3-орун. Бектур Отогонов (Чүй облусу), Мирбек Шеров (Жалал-Абад облусу)
60 килограмм.
1-орун. Медер Мамакеев (Ысык-Көл)
2-орун. Акжол Сулайманбек уулу
(Баткен)
3-орун. Темирлан Осмонов (Бишкек), Жакшылык Таалайбеков (Бишкек)
64 килограмм.
1-орун. Тилек Олжобай уулу (Бишкек)
2-орун. Ыктыяр Шабданбаев (Бишкек)
3-орун. Нурсултан Абдурасулов (Баткен облусу), Жыргалбек уулу Иса (Нарын облусу)
69 килограмм салмакта.
1-орун. Эркин Болотбек уулу (Бишкек)
2-орун. Эркин Кочкоров (Ош облусу)
3-орун. Бакыт Жигиталиев (Баткен облусу), Муканбетов Ильяс (Бишкек)
75 килограмм.
1-орун. Ильяз Акматалиев (Ош облусу)
2-орун. Каныбек уулу Азамат (Ысык-Көл облусу)
3-орун. Абду-Саид Масюмов (Бишкек), Нурлан Карабашев (Баткен облусу)
81 килограмм.
1-орун. Эркин Адылбек уулу (Бишкек)
2-орун. Александр Панарин (Бишкек)
3-орун. Олжобай Кудайберди уулу (Ош облусу), Марат Абдыкалыков (Чүй облусу)
91 килограмм.
1-орун. Чингис Борбашев (Чүй облусу)
2-орун. Сергей Паренко (Бишкек)
3-орун. Алим Киваза (Чүй облусу), Талгат Турдуев (Ош облусу)
+91 килограмм.
1-орун. Мурат Өмүрканов (Ысык-Көл облусу)
2-орун. Шермухаммад Хакимов (Ош облусу)
3-орун. Майсалбек Абдураимов (Ош облусу), Дастанбек Мамытов (Ош облусу).