Ямайканын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Винфрид Шефер жөө күлүк, Олимпиада оюндарынын 6 жолку чемпиону Усэйн Болтту курамга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу спортчунун карьерасына залакасын тийгизбей турган учурда аны курамда көргүсү келет. “Болттон футбол боюнча курама командага ойноп берүүсүн суранам. Ал бул сунушка көнөт деген үмүтүм бар. 2016-жылы Бразилиядагы Олимпиада бүткөндө Болт футболчуга айланышы мүмкүн”,- дейт ал.
Дүйнө чемпиондугунда 8 ирет, Олимпиада оюндарында 7 ирет алтын медаль тагынган У.Болт өзү футбол күйөрмандарынын катарын толуктайт. Буга чейин ал тамашалуу түрдө англиялык “Манчестер Юнайтед” клубуна ойноо ниети бар экенин айткан.