Ош-Баткен унаа жолунда 2 автоунаа кагышып, 4 адам жабыркаган

Кечээ, 31-октябрда саат 18:40 чамасында Кызыл-Кыя шаарында Ош-Баткен унаа жолунун 84-чакырымында Жигули үлгүсүндөгү унаа менен Hyundai Accent үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру №О72-84F) кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлайт.  

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркаган. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, Жигули-2106 унаасынын айдоочусу Назырбек Сыражидиновду унаадан чыгарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан