“Мени 7 жашымда улгайган адам зордуктаган. Бул окуядан кийин аны жолуктурган жокмун”,- дейт америкалык мушкер, бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону Майк Тайсон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, мушкер бул окуяны эч бир адамга айтпай келген. “Мен жашоомду өз нугунда уланта бердим. Бул окуя менин аң-сезимиме кандай таасир эткенин билбейм”,- деп кошумчалайт 2005-жылы профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган Майк Тайсон.
Айта кетсек, мушкер 1992-жылы “модель кызды зордуктаган” деген айып менен кармалып, 3 жылга эркинен ажыратылган.