Кечээ, 1-ноябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндары орун алды. Анда канттык “Абдыш-Ата” Бишкекте “Алгага” 4:1 эсебинде утулуп калды. Ал эми бишкектик “Дордой” Ошто “Алай” командасын 1:0 эсебинде утту. Бул күнү алдынкы байгелүү 3 орундун ээлери аныкталды. “Дордой” коноктогу жеңиши менен упайларынын санын 48ге жеткирип, мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздады. Ал эми өткөн турда 2-орунду камсыздап койгон “Абдыш-Атаны” утуу менен бишкектик “Алга” 3-орунду багындырды. Ошентип, ТОП-Лиганын жыйынтыктоочу турунда “Дордой” менен “Абдыш-Атанын” ортосундагы оюн мелдеш жадыбалында орун алмашууларга жол бербей турган болуп калды.
"Алай" - "Дордой" - 0:1
Гол: Азамат Байматов (3-мүнөттө)
"Алга" - "Абдыш-Ата" - 4:1
Голдор: Мирбек Акматалиев (8-мүнөттө), Александр Бельдинов (33-мүнөттө), Акрам Умаров (71-мүнөттө), Мирбек Акматалиев (72-мүнөттө), Артём Муладжанов (85-мүнөттө)