Акыркы 9 айда республика аймагында 3408 өрт кырсыгы катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылы 2944тү түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыктары 262 миллион сом чыгым алып келген. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен 59 адам каза тапкан. Алардын ичинен үчөө жаш балдар. Статистика боюнча, өрт кырсыктарынын жарымы турак жай секторунда катталган.