Ысык-Көл мамлекеттик университетинде мыйзам бузуулар катталганы аныкталды

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде мыйзам бузуулар катталганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында аталган университетке компьютер жабдыктарын сатып алуу боюнча тендер өткөн. Анда “БТ” ишканасы жеңүүчү аталып, 25 күндүн ичинде компьютер жабдыктарын жеткирүүгө милдеттендирилген. Бул үчүн университет ишканага 400 миң сом которгон. Бирок ушул убакка чейин милдеттенме аткарылган эмес. Учурда “Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан