Учкун жаңы конушунда өрт кырсыгы катталып, үй ээси каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 2-ноябрь күнү аталган конуштагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн 20 чарчы метр жыгач полу, эмеректер күйгөн. Ошондой эле бөлмөдөн 1962-жылы туулган үй ээсинин жансыз денеси табылган. Тилсиз жоонун келип чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.