Балыкчы шаарында сарайдан өрт чыгып, 15 баш кой күйүп кетти

Балыкчы шаарында сарайдан өрт чыгып, 15 баш кой күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Садовая көчөсүндөгү бир короодо жайгашкан 12 батир өрттөнгөн. Тутанган өрт сарайга өткөн. Анын кесепетинен сарайдын 315 чарчы метр чатыры, ичиндеги 15 баш кой, 2 тонна көмүр, 3 тонна тезек да толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыккан себеби такталууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан