Кыргыз-тажик чек арасында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, табигый кырсык 1-ноябрда саат 21:41де катталган. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болуп, ал Кыргыз Республикасынын Коргон айылынан 60 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Тейит айылынан 60 чакырым түштүк-батышта, Баткен шаарынан 108 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.