Сургутта "кыргызстандык айымды жана анын үч баласын өлтүрдү" деп шектелген адам өз жанын кыйганы айтылууда

Сургуттагы жеке менчик үйлөрдүн биринен 31-октябрда төрт адамдын жансыз денеси табылган. Алар кыргызстандык айым жана 2, 3, 6 жаштагы балдар экенин орусиялык басылмалар жарыялашты. 

Маалыматка караганда, каза болгондордун сөөгү Яхьюузбек Мамадякипов аттуу ишкерге таандык үйдөн табылган. Алар үй ээсинин туугандары болушканы аныкталган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 27 жаштагы Раинберт Сабиров издөөгө алынган. Полиция кызматкерлери тарабынан алыс эмес жердеги жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн биринен жогорудагы кылмышка шектүү өз жанын кыйган абалда табылган. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurali20
2014-11-03 16:15:23
Жатан жери жайлуу болсун.
0
lampard8
2014-11-03 18:58:12
бут эле ХХХ экен жалко эмес
0
admin_portal
2014-11-04 10:11:50
lampard8 - 3 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан