Талас шаарындагы үйүнөн бир нече жолу бычак менен жараат алган ишкер Райкан Алканов ички иштер министри Мелис Турганбаевге кат жолдоду. Анда ал жалган маалымат тараткан милиция кызматкерлерине нааразы экенин билдирип, министрден аларга баа берүүнү өтүндү. Мындай маалымат бүгүн, 3-ноябрда массалык маалымат каражаттарына тарады.
Аталган катта ишкер Р.Алканов аны өлтүрүүгө аракет кылгандарга козголгон кылмыш ишинин бети ачылып, алардын эртерээк жазаланышын өтүнгөн. Ошондой эле ал кылмышка шектүүлөр менен жыныстык катнашта болбогонун айткан.
“Каргашалуу окуя болгон күнү үйүнө акча сурап бала багуучумдун эки кызы жана аны менен дагы бир кыз келген. Кийин кеч болуп кеткендиктен, алардын үйдө калуусуна уруксат бергем. Анан түн ичинде башыма урулган катуу соккудан улам ойгонуп кетип, бычак жана балта кармаган кыздарды көрдүм. Алар акча талап кылып, ичти көздөй бычак менен уруп жатышты” деп айтылат катта.
Эске салсак, Р.Алкановго 26-октябрга караган түнү Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ошондой эле буга чейин айрым массалык маалымат каражаттары Ички иштер министрлигиндеги өздүк булактарына таянып, ишкердин кылмышка шектүүлөр менен байланышта болгонун жазып чыгышкан эле.