Бишкек шаарынын Ленин районунда кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп коркутуп, жанындагы акча каражатын тоноп кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Жаныбек жана 18 жаштагы Кайрат кармалган. Ошондой эле алардын мындан башка дагы ушуга окшогон кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.