Легендарлуу италиялык адис, 2006-жылы Италия курамасын жетектеп Дүйнө чемпиондугун утуп алган Марчелло Липпи карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары кытайлык “Гуанчжоу Эвергранд” клубун машыктырып келген адис 3 ирет өлкө чемпиондугун уткан.
Кошумчалай кетсек, Липпи 2006-жылкы Дүйнө чемпиондугунан тышкары машыктыруучу катары УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Европанын суперкубогун жана 5 ирет Италиянын кубогун уткан.