Бишкек шаарындагы спорттук базаларда 8-ноябрдан 13-ноябрга чейинки аралыкта КРнын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спартакиаданын программасында көпчүлүккө жеткиликтүү жана популярдуу делген 12 спорт түрү бар. Катышуучулар кол күрөш (армрестлинг), бильярд, волейбол, гиря спорту, дартс, кичи футбол, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, ок атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартыш боюнча күч сынашат. Мамлекеттик органдарда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө багытталган мелдеш эки топто өтөт:
1. КРнын күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында;
2. КРнын күч түзүмдөрүнө кирбеген мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин арасында.
Спартакиаданын тандоо этабында мамлекеттик органдардын жетекчилери милдеттүү түрдө программага кирген спорттун түрлөрүнүн бирөө боюнча жарышка чыгышы керек. Ошондой эле бир катышуучу эки спорттун түрү боюнча өнөр көрсөтө алат. Жеңишке жетишкен жана байгелүү орундарга илинген катышуучулар Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тиешелүү даражадагы медаль, диплом жана кубоктору менен сыйланат.