Кемин районунда эки унаанын алдында калган жөө жүрүүчү каза тапты

Кемин районунда эки унаанын алдында калган жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 31-октябрь күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында Ауди 100 унаасынын 40 жаштагы айдоочусу Кемин районунун тургунун сүзүп алган. Андан соң анын артында келе жаткан жеңил унаа дагы жабыркаган жөө адамды сүзүп, качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерде каза тапкан. Учурда качып кеткен айдоочунун өздүгү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан