Окумуштуулар насыбайдын курамынан бир катар зыяндуу химиялык заттарды табышты

Дүйнөдө алгачкы жолу стокгольмдук окумуштуулар тарабынан насыбайдын курамы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалым болгондой, Казакстанда чайналчу чылым катары таанылган насыбайды колдонгондордун саны арбын. Көп жылдар бою анын курамы белгисиз болуп келген. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Казакстандан алынып барган насыбайдын курамында хром, никель, кадмий, коргошун сыяктуу химиялык элементтер бар экени аныкталган. Анын көлөмү нормадан бир кыйла ашыкча экени да тастыкталган. Мисалы, анын курамындагы никель 5,1 эсеге, хром 17 эсеге, коргошун 38 эсеге көп, ал эми анын курамынан чыккан мышьяк анда такыр эле жок болуш керек болчу. Ошондой эле "анын курамынан табылган микробдор ал санитардык нормаларга жооп бербегендигинен кабар берүүдө" деп белгиленет маалыматта. 

Буга чейин тамеки тарткан адамдын ар кандай онкологиялык ооруларга чалдыгуу коркунучу болуп келсе, ал эми насыбай колдонуу онкологиялык ооруга чалдыгып калуу мүмкүнчүлүгүн 4 эсеге жогорулатат”,- дейт изилдөөнүн демилгечиси, доктор Мейрам Раганин.  

Андан сырткары насыбайдын курамынан бензопирен химиялык заты табылган. Андагы нитрит-иондору (бардык өсүмдүктөрдө кездешет, өзгөчө бадал сымал өсүмдүктөр менен бактериянын айкалышы андагы канцероген заттарды пайда кылат) нормадан 91 эсеге көп болуп чыккан.  

"Изилдөөнүн мындай жыйынтыгына таянып, башка өлкөлөрдөгүдөй эле Казакстан аймагында да насыбайды колдонууга тыюу салууну туура көрүүдө" деп айтылат маалыматта.  

Эске салсак, 2014-жылдын июнь айында Казакстандын ИИМи насыбайды баңгизатына теңдештирип, аны сатууга тыюу салган. Буга чейин аны сатууга каршылыктарын медициналык кызматкерлер да айтып, май айында Мажилиске атайын кат жолдошкон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстандын калкынын 10 пайызы насыбай колдонушат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zarlyk2211
2014-11-03 15:41:21
Кыргызстандада тыйуу салса жакшы болот эле.
+2
edu.kg
2014-11-03 15:44:26
Аяш авалар насвайдан атпай калышат экенда окуп корушуп. Насвай саткан жерге жэ ошол аймактан отууго такыр мумкун эмесго жытынан кантип отуруп сатып жатышат тушунбойм .
0
Altysh_Boldush
2014-11-03 15:52:38
Насвай чеккендерге рахмат. Кандай жиркенбей чегишет билбейм. Жытын айт и ото адамга зянду зат тооба кылдым
+3
Sanjaraka
2014-11-03 15:54:39
Бизде закон иштевейт, чегеверишет барвир.
+3
JaliwoodKG
2014-11-03 16:01:19
адам заты кызык элебиз зыян жаман десең ошону оңунан кылат жакшы сонун десең тескерисинен кылат
+5
JaliwoodKG
2014-11-03 16:09:34
Мне кыргызстанда насвай тамкиге закон чыкса таштайбыз деп жүрмөк беле адам өзүнө закон койюш керек ошолорго карата
+3
baiysh0704
2014-11-03 16:51:52
Баткенге айшаваларга келсен бир таза жер таппайсын басканга,баардык жерлерге былжыратып насвайды тукуро беришет,кочодо басыштан жийркенесин.
0
fedya
2014-11-04 01:33:05
Чон атасы насвай чегет экен,небереси айтыптыр Чоната озунуз боок жыттантат сасыык экен боок чегип жатаспы дептир анан насвай чекпей коюптур,бул болгон окуя экен эн жакшысы чекпей койгону
0
Legend3110
2014-11-04 08:14:38
насвай дегенди билбейт элек ушул туштуктуктор
0
demir-93
2014-11-04 10:29:10
неге чегишет ээ адамзат ойлонгула бул жакшылыка алпарбайт оз омурубузго озубуз кол салбайлык
!!!
0
noname
2014-11-04 22:42:39
ийии,мен ойлоп журупмун витамин болсо керек деп,баарыле чайнанып жатса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан