Дарыгер: “Мезгил өткөн сайын Михаил Шумахердин абалы жакшырат деген кепилдик жок”

“Формула-1” сериясындагы автожарыштарда медициналык штабдарды башкарып келген адис Гари Хартстейн жаракат алып, азыркы күнгө чейин эсине келе албай жаткан Михаэль Шумахердин жакынкы жылдары өмүрү менен коштошорун болжойт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.  

“Мындай абалдагы адамдардын өмүрү бир канча айдан бир канча жылдарга чейин созулат. Убакыт өткөн сайын анын абалы жакшырат деген да кепилдик жок. Учурда күйөрмандары аны менен коштошуу мезгилин баштан өткөрүп жатат”,- дейт дарыгер.   

Кошумчалай кетсек, “Формула-1” сериясындагы автожарыштардын 7 жолку чемпиону М.Шумахер Швейцарияда жашап, дарыгерин көзөмөлүндө дарыланууда. Анын абалы боюнча так маалымат жок. Анын дарысына апта сайын 120 миң долларга жакын каражат сарпталып жатканы айтылууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uran001
2014-11-04 13:43:38
Акча менен ден соолукту сактап кала албайт эч ким,Аллах дабаасын бербесе.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан