Каныбек Осмоналиев, Канатбек Бегалиев баштаган спорт ишмерлери спортчу-чек арачыларга жолугуп, кеп-кеңештерин айтышты

Бүгүн, 4-ноябрда Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда кыргыз спортунун көрүнүктүү өкүлдөрү Каныбек Осмоналиев, Бахадыр Кочкаров, Айсулуу Тыныбекова, Алексей Федосеев жана Канатбек Бегалиев мыкты спортчу-чек арачылар менен жолугушту. Спортчулар алдыда чек ара мекемелери арасында өтө турган мелдештердин алдында чек арачыларга моралдык колдоо көрсөтүшүп, тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. 

Өз кезегинде иш-чарага КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев да катышып, спорт ишмерлерине жана спортчуларга ыраазычылык билдирди. “Сиздердин кеп-кеңештериңиздер биздин жаштарга шык берет деп ишенем”,- деп кошумчалады ал.

Айта кетсек, 10-13-ноябрь аралыгында Алматы шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара ведемстволору арасында самбо боюнча биринчилик өтөт. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан бардык салмактардан спортчулар аттанышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан