Бүгүн, 4-ноябрда Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда кыргыз спортунун көрүнүктүү өкүлдөрү Каныбек Осмоналиев баштаган спорт ишмерлери мыкты спортчу-чек арачылар менен жолугушууда. Анда сөз алган Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев өзүнүн спорт жаатындагы таржымалын, жашоодогу жетишкендиктерин жана башка кеңештерди айтып берди.
"Кыргызстандын желегин көтөрүп, сыймыктуу иш кылып жаткан чек арачылардын жумушу жеңил эмес. Күндүн суугу, ызгаары, ысыгына карабай мекениңерди коргоп келатасыңар. Бул намыска байланыштуу сөз. Мен, мисалы, Олимпиадада штанганы көтөрө албай калсам, намысымдан штанганын алдында калып өлөм дегем. Жоопкерчилик болуш керек. Спортчуларда тартип болбосо, чоң спортто ийгиликке жетише албайсың. Ооба, чек араны кайтаруу штанга көтөрүүгө караганда бир кыйла оор",- деди ал.