Бүгүн, 4-ноябрда Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда көрүнүктүү спортчулар чек арачылардын суроолоруна жооп берип, өз тажрыйбаларын бөлүшүүдө. "Бээжин-2008" Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси
Канатбек Бегалиев спортчуларга шык берип, ушул багытта сөз сүйлөдү.
"Мектепте эң көп таяк жеп, эң алсыз болчумун. Адам алдыга умтулуш керек. Мен спорт менен ошол кездерде машыгып баштагам. Мен Каныбек Осмоналиевди кумир тутчумун. Азыр агайды кууп жетейин деп калдым, агайдын 7 баласы бар экен, менде 5 бала болду (күлүп). Анан да көчө мушташын токтотуш керек. Көчөдө спортчуларга тийишип, жинине тийгендер көп. Ошол учурда өзүңдү кармап, токтоо болушуң керек. Кыйынсыңбы, анда спорттук аянтта күчүңдү көрсөт. Көчөдө мушташуу спортчуга даңк алып келбейт",- деди Канатбек Бегалиев.