Алексей Федосеев: “Жыл башында Америкада ири суммадагы каражат сунуштаган келишимден баш тарткам”

Бүгүн, 4-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы Новопокровка айылындагы Кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунда кыргыз спортунун көрүнүктүү өкүлдөрү менен спортчу-чек арачылардын жолугушуусун уюштурду. Жолугушуу жакында эл аралык мелдешке катыша турган чек арачы-спортчуларга шык берүүгө багытталган. Иш-чаранын жүрүшүндө каалоочулар спортчуларга суроолорун узатып жатышты. Анда кикбокс боюнча Континенттер аралык чемпиондукту жана Дүйнө чемпиондугун уткан Алексей Федосеевге “Чет жактардан сунуш түштү беле?” деген суроо узатылды.

“Мен быйыл жыл башында АКШда болдум. Ал жакта мага 3 жылдык келишим сунушташты. Бирок америкалыктардын чет элдиктерди колдонуудагы чеберчиликтерин, акчага басым жасаган саясатын эске алып, сунуштан баш тарттым. Мен үчүн Кыргызстанда жердештеримдин колдоосу астында беттеш өткөрүп, өлкө желегин желбиретүүдөн ашкан бакыт жок”,- деп жооп берди спортчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nookat
2014-11-04 17:24:51
Молодец
+1
dinooou
2014-11-04 18:03:42
Эркек!
+1
betman
2014-11-04 18:20:45
Молодец тууган
+1
Manasemetei
2014-11-05 03:50:56
erkeeek
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан