Кыз-келиндер күрөшү боюнча курамдын машыктыруучусу: “2015-жылга карата планыбыз – Олимпиадага жолдомо алуу”

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкекте КРнын Күрөш федерациясынын (грек-рим күрөшү, эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү) отуруму болуп жатат. Анда федерациянын жетекчилиги, курама командалардын машыктыруучулары, калыстар жана башкалар катышууда. Анда КРнын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков сөз сүйлөп, үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылга карата планын айтты. “Машыгууда эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Чет өлкөлөрдө жана Кыргызстанда машыгуу сборлорун өткөрүп жаттык. Кыз-келиндер күрөшү боюнча 4 жылдан бери машыгып келебиз. 2014-жылы Азия оюндарында 1 медаль максат кылганбыз, бул максатка жеттик. 2015-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышабыз. Кийинки жылдагы башкы планыбыз - “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо алуу”,- деди Н.Изабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан