Бүгүн Чемпиондор Лигасында “Бавария” тайпадан биринчи болуп чыгууну камсыздашы мүмкүн

Бүгүн, 5-ноябрда футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын 4-тур оюндары өтөт. Анда 4 тайпада 8 оюн орун алат. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлайт. Беттештер Бишкек сааты боюнча 00:45те башталат.

Бул күнү “E” жана “F” тайпаларына көбүрөөк көңүл бурулары шексиз. Анткени “Е” тайпасында “Бавария” тайпадан биринчи болуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашы мүмкүн. Ал эми экинчи болуп кийинки баскычка чыгуу үчүн италиялык “Рома” менен англиялык “Манчестер Ситинин” ортосунда упай санашмай уланат. “F” тайпасында болсо франциялык ПСЖ менен каталондук “Барселона” тайпада көп упай топтоо аракетин кызуу көрүп жатышат.

“E” тайпасы

00:45. “Манчестер Сити” (Англия) - ЦСКА (Орусия)

00:45. “Бавария” (Германия) – “Рома” (Италия)

“F” тайпасы

00:45. ПСЖ (Франция) - АПОЭЛ (Кипр)

00:45. “Аякс” (Голландия) – “Барселона” (Испания)

“G” тайпасы

00:45. “Спортинг” (Португалия) – “Шальке-04” (Германия)

00:45. “Марибор” (Словения) – “Челси” (Англия)

“H” тайпасы

00:45. “Шахтёр” (Украина) - БАТЭ (Беларусь)

00:45. “Атлетик” (Испания) – “Порту” (Португалия)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан