Кыргызстандык балбандар Нью-Йорк шаарында өтө турган эл аралык мелдешке жөнөп кетишти

4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча курам АКШга “New York Open” эл аралык мелдешине катышуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кыз-келиндер курамасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 9-11-ноябрь күндөрү Нью-Йоркто өтөт. Ага кыз-келиндерден Айсулуу Тыныбекова (58 килограмм салмакта), уландардан Улукбек Жолдошбеков (57 кг) менен Догдурбек уулу Эламан (70 кг) катышат. 

“Бул мелдеш жыйынтыкталган соң АКШда 1 апта калып, машыгуу сборун өткөрүүнү пландап жатабыз. Анткени 2015-жылдын жай айларында Лос-Анжелесте Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул Дүйнө чемпиондугунда “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. Америкага жөнөп жатканыбыздын себеби да ушул, бул жактын абасы, шарты менен таанышууну максат кылуудабыз”,- деп кошумчалады Н.Изабеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dadin1
2014-11-05 13:02:55
Ийгилик силерге!
0
anti_anti
2014-11-05 13:19:33
Кыргыздар спортко конул бура башташканбы ыя. коз тийбесин. Жоноп кетип жыгылып келбегиле. женил кетип оор кел дейт беле
+1
nursultan1
2014-11-05 15:34:24
алга азаматтар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан